«Seven Seas Explorer» Аланьяга келди

Кемеде көпчүлүгү америкалык 583 жүргүнчү жана 550 кызматкер бар.

1898619
«Seven Seas Explorer» Аланьяга келди

Маршалл аралдарынын желеги илинген «Seven Seas Explorer» круиздик кемеси Антальянын Аланья районуна келди.

Кипрдин Лимасол шаарынан Антальяга багыт алган 224 метр узундуктагы ири круиздик кеме эртең менен Аланьяга жетти.

Аланья портуна токтогон кемеде көпчүлүгү америкалык 583 жүргүнчү жана 550 кызматкер бар.

Бажыдан өткөндөн кийин кемеден түшкөн туристтердин бир бөлүгү турларга катышып тарыхый жерлерди зыярат кылышса, айрымдары райондо соода кылышты.



Тектеш кабарлар