Оливер Вархели Түркия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосунда тең салмактуу соода бар экенин айтты

Түркия инвестициялык платформасы Стамбулда өткөрүлгөн Түркия-Европа Биримдиги жогорку деңгээлдеги бизнес диалогу жыйынында тааныштырылды.

1898239
Оливер Вархели Түркия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосунда тең салмактуу соода бар экенин айтты

Еврокомиссиянын кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархели Түркия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосунда тең салмактуу соода бар экенин белгилеп:«Эки тараптын ортосунда укмуштуудай кызматташтык бар»,-деди. 

Түркия инвестициялык платформасы Стамбулда өткөрүлгөн Түркия-Европа Биримдиги жогорку деңгээлдеги бизнес диалогу жыйынында тааныштырылды.

Жыйында сөз сүйлөгөн Оливер Вархели Түркиянын Европанын олуттуу экономикалык өнөктөшү, ЕБге талапкер өлкө жана НАТОнун маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын маанилүү бурулуш баскычында экенин баса белгиледи.

Европа Биримдиги Комиссиясынын оң күн тартиби менен Түркияга жакындан кызыкканын белгилеген Вархели, Түркия менен айыл чарба, климат, миграция жана коомдук саламаттык темаларында изилдөө жана өнүктүрүү менен инновация темасында диалогдорду башташарын билдирди.

Европа комиссары:«Түркия Евробиримдиктин алтынчы эң чоң соода өнөктөшү. Евробиримдик Түркиянын эң биринчи соода өнөктөшү. Өткөн жылы эле соода көлөмү 157 миллиард еврого жетти. Түркия менен Евробиримдиктин ортосунда тең салмактуу соода бар. Эки тараптын ортосунда укмуштуудай кызматташтык бар»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар