Чавушоглу Дакар форумунда сөз сүйлөдү

Африкада тынчтык жана коопсуздук үчүн Эл аралык Дакар форумунун сегизинчиси өткөрүлдү.

1897561
Чавушоглу Дакар форумунда сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Африканын ортосундагы соода көлөмүнүн 20 жылда 4,5 миллиард доллардан 45 миллиард долларга жеткенин айтты.

Чавушоглу Африкада тынчтык жана коопсуздук үчүн Эл аралык Дакар форумунун алкагында уюштурулган Африкадагы глобалдык кризистер жана эгемендиктин бекемделиши сессиясында сөз сүйлөдү.

Сессиянын суроо-жооп бөлүгүндө Түркия-Африка карым-катнаштарына токтолгон Чавушоглу, Африкадагы элчиликтердин саны акыркы 20 жылда 12ден 44кө жеткенин айтып: «Соода көлөмүбүз 20 жылда 4,5 миллиард доллардан былтыр 34,5 миллиард долларга жетти. Быйыл 45 миллиард доллардан ашабыз»,-деди.

Түркиянын Африкадагы инвестициясынын 8 миллиард долларга жеткенин белгилеген Чавушоглу: «Түркия көптөгөн тармактагы тажрыйбасын жана адистигин африкалык бир туугандары менен бөлүшүүдө. Түркия Африка өлкөлөрүнүн террорго каршы күрөшүн да колдойт. Учкучсуз учактарыбызды гана камсыз кылбастан, Африка өлкөлөрүнүн коопсуздук күчтөрүн террор менен күрөшүн күчтөндүрүү үчүн машыктыруудабыз»,-деп айтты.

Африка Биримдиги жана башка аймактык уюмдардын да Түркиянын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеген Чавушоглу: «Биз мыйзамдуу өкмөт менен иштешүү аркылуу Ливиядагы жарандык согуштун алдын алдык»,-деди.

Чавушоглу Түркиянын Африка демилгесинин ийгиликтүү болушунун себебинин Түркиянын бүтүндөй Африканы тең укуктуу өнөктөш катары эсептегени экенин билдирди.



Тектеш кабарлар