"Тайфун" ракетасы грек басма сөзүндө

Түркия коргонуу өнөр жайында ата мекендик өндүрүштөрү менен күн сайын бир баскыч көтөрүлүүдө.

1896285
"Тайфун" ракетасы  грек басма сөзүндө

Түркия тарабынан иштелип чыккан ата мекендик "Тайфун" ракетасы греция басма сөзүндө кеңири орун алды.

Түркия коргонуу өнөр жайында ата мекендик өндүрүштөрү менен күн сайын бир баскыч көтөрүлүүдө. 

ROKETSAN тарабынан иштелип чыккан кыска аралыкка учуучу «Тайфун» баллистикалык ракетасы грек басма сөзүндө кеңири орун алды.

«Та Неа» гезитине баа берген аналитиктер Грециядан айырмаланып түрк коргонуу өнөр жайынын ылдам өнүгүп жатканына көңүл бурушту. «To Vima» гезити да "Тайфундун" диапазонун баса белгилеген.

Скай телевидениеси «Түркия Кара деңиздин үстүнөн баллистикалык ракета учурду» деген кабарында "Тайфундун"  561 километр аралыкты басып өткөнүнө көңүлдөрдү бурду.

"Катимерини" гезити «Түркия баллистикалык ракетасын сынады» деген макаласында сыноонун Кара деңиз асманында болгонун баса белгилеген.



Тектеш кабарлар