Швециянын премьер - министри Эрдоганга кат жиберди

Швециянын жаңы премьер- министри Ульф Кристерссон президент Режеп Таййип Эрдоганга кат жолдоп, Анкара сапарына даяр экенин билдирди.

1896206
Швециянын премьер  - министри Эрдоганга кат жиберди

Швециянын жаңы премьер- министри Ульф Кристерссон президент Режеп Таййип Эрдоганга кат жолдоп, Анкара сапарына даяр экенин билдирди.

Швецияда чыккан Aftonbladet гезити Кристерссондун кечээ өлкөсүнүн Анкара элчилиги аркылуу президент Эрдоганга кат жөнөткөнүн жарыялады.

Кристерссондун катында : "Жакын арада сиз менен НАТО боюнча кеңири сүйлөшө алабыз деп  үмүттөнөм. Сизге ылайык болгон учурда  Анкарага келүүгө даярбыз",-  дегени белгиленди.

Катта Түркиянын тынчсызданууларына олуттуу карагандарын айткан Кристерссон : «Түркиянын коопсуздук маселелерине олутуу карайбыз, ПКК жана башка террордукуюмдар менен булардын уландыларынан келген коркутуулар менен күрөшүүдө кызматташууну каалайбыз»,-деди.

Президент Эрдоган кечээки билдирүүсүндө : "Швециянын жаңы премьер - министри сүйлөшүү үчүн күн талап кылды. Мен да сүйлөшүү күнүн белгилегиле, келсин дедим. Өлкөбүздө аны менен бул маселелерди сүйлөшөбүз. Биздин бул тууралуу оюбуз өзгөргөн жок. Кылмыштуу жазага тартылган бул террористерди кармап бизге берүүлөрү керек. Булар бизге берилмейинчепарламенттик баскычта бул иштебейт. Азыркы учурдагы премьер- министрдин мамилеси террор менен жана террористтер менен күрөшүүнү жактап жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар