ПКК/КЖК террордук уюмунун мүчөлөрү кармалды

Грециядагы Лаврион лагеринде машыгуудан өткөн жана кол салууга даярданып жатканы аныкталган ПКК/КЖК террордук уюмунун  мүчөсү  кармалды.

1896296
ПКК/КЖК террордук уюмунун мүчөлөрү кармалды

Грециядагы Лаврион лагеринде машыгуудан өткөн жана кол салууга даярданып жатканы аныкталган ПКК/КЖК террордук уюмунун  мүчөсү  кармалды.

Стамбул шаардык прокуратурасынын координациясында ПКК/КЖК-ПЙД/ЙПГ куралдуу террордук уюмунун иш-аракеттерин чечмелөө үчүн Стамбул шаардык ички иштер башкармалыгынын Террор менен күрөшүү бөлүмү жана чалгындоо бөлүмүнүн топтору иш алып барды.

Грециядагы Лаврион лагеринде машыккандан кийин Түркияга мыйзамсыз жолдор менен киргени аныкталган бир шектүү операцияда топтор тарабынан кармалды.

Шектүүнүн үстүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда ПКК/КЖК террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жашыруундуулукту сактоо үчүн колдонгон сырдуу сөздөрдү камтыган жазуу кагаздары, уюмдун жогорку башкаруучусу  Мурат Карайылан тарабынан жазылган документтер жана уюмдун элет жериндеги кыймылдарын көрсөткөн уюмдун мүчөлөрүнүн фотосүрөттөрү колго түшүрүлдү.

Коопсуздук директорлугундагы процедуралары аяктаган шектүү жиберилген сот имаратында камакка алынды.

Бир тараптан Хаккаринин Йүксекова районунда брондолгон полиция унаасына ок аткан ПКК/КЖКнын 3 террористи операцияда колго түшүрүлдү.

Шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүү учурунда тапанча жана гранатометтун октору табылды.

Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.



Тектеш кабарлар