Эрдоган учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Эрдоган Азербайжанга жасаган бир күндүк сапарынын акырында өлкөгө кайтып жатып учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1896113
Эрдоган учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган 24 -  февралда башталган Россия  -  Украина согушуна байланыштуу : «Тынтыктан утулгандар болбойт деп ишенем»,- деди.

Президент Эрдоган Азербайжанга жасаган бир күндүк сапарынын акырында өлкөгө кайтып жатып учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен өткөргөн жолугушууда эки тараптуу карым  - катнаштар, аймактык жана эл аралык абалдардын талкуулангандыгын белгилеген Эрдоган : «Түштүк Кавказияга карата биргелешкен көз карашыбыздын тынчтык, туруктуулук жана өнүгүүнүн негизинде курулгандыгын дагы бир жолу тастыктадык. Чек аралардын белгилениши, Нахчиван жана Азербайжандын батыш аймактарынын арасындагы жолдун ачылышы жана тынчтык келишимине кол коюлушу аймактын калыбына келиши үчүн маанилүү кадамдарды түзөт. Көп жылдардан кийин аймакта туруктуу тынчтыкка жетишүү мүмкүнчүлүгүнө жетишилди. Биз Армениянын бул тарыхый мүмкүнчүлүктү колдонушун күтөбүз. Азербайжан  -  Армения сүйлөшүүлөрүндөгү жылыштын Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессине да оң салым кошору шексиз»,- деди.

Эрдоган Кара деңизде түзүлгөн  дан коридору келишиминин узартылышына байланыштуу : «Узартуу пунктунда эч кандай тоскоолдук жок. Мен муну Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуумда көрдүм. Эгер тоскоолдук болсо аны жеңүүгө эч кандай тоскоолдук жок»,- деди.

Президент Россия  -  Украина согушунда Түркиянын ортомчулук ролу тууралуу Путиндин азыркы учурда өткөн күнгө караганда дагы жумшак, сүйлөшүүлөргө ачык экендигин белгилеп : «Үмүтсүз эмеспиз. Эки лидерди тең жолугушутуруу менен жолубузду тынчтык үчүн уланталы. Анткени эки тараптын олуттуу жоготуулары болууда. Тынчтыктан утулгандар болбойт деп ойлоймун»,- деди.

АКШ менен жүргүзүлгөн Ф  - 16 сатып алуу процессине да токтолгон Эрдоган өткөн жумада болгон НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынында башкы  катчы Йенс Столтенбергдин Ф  - 16лардын Түркияга берилиши бир гана Түркия үчүн эмес, НАТО үчүн да маанилүү абал экендигин, Түркия канчалык күчтүү жана канчалык даяр болсо НАТОнун да орточо баасынын ушундайча жогорулай тургандыгын айтканын эске салды.

Процессти жакындан изилдеген Түркиянын оңунан чечилиши үчүн жасала турган эмне бар болсо жасоону улантарын баса белгилеген Эрдоган АКШдан башка альтернативдер менен сүйлөшкөндөрүн айтты.

Президент Эрдоган Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссондун Фетуллахчы террор уюмунун качкын мүчөлөрүн Швецияда кабыл алуусу боюнча сүйлөшүүнү суранганын белгилеп : «Жаңы премьер  - министрдин мамилеси террор менен жана терроисттер менен күрөшүүнү жактайт, жолугушуу менен чын ыкластуу экендигин билебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар