Түркия афган кыз Хариженин үмүтү болду
Хажире Түрк Кызылайы берген дөңгөлөктүү коляска менен мектепке барып, достору менен да ойной алат.
Төрт жыл мурда Афганистанда болгон кол салууда эки буту жана колунан ажыраган 11 жаштагы Хажире Түркиядан Афганистандагы гуманитардык кризистин жеңилдетилишине салым кошуу максатында «Жакшылык поезди» менен жиберилген дөңгөлөктүү коляскага жетишти.
«Жакшылык поездери» алып барган жардамдар ушул кезге чейин жардамга муктаж он миңдеген афган үй - бүлөгө үмүт болду.
Түркиянын Кабул элчилигинин координациясында жана Афганистандагы түрк мекемелери менен кызматташтыкта 6 - «Жакшылык поезди» менен өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшү уланууда.
Жардамдын алкагында Түрк Кызылайы борбор шаар Кабулда 75 майып афганга дөңгөлөктүү коляска тапшырды.
Кабулдун Хайырхане аймагында жашаган 11 жаштагы Хажире Отманхил өмүрүндө биринчи жолу дөңгөлөктүү коляскага отургандардын бири болду.
Болгон кол салууда Хажиренин 4 бир тууганы жана 2 жакыны каза болуп, дарыгерлер Хажирени жашатып калуу үчүн 2 бутун тизеден, сол колун да кескенге мажбур болду.
Жашаган жерлеринде бир нече үйдүн бомбаланганын белгилеген үй - бүлө абадан кол салуулардын АКШ тарабынан жасалгандыгын айтты.
Хажире Түрк Кызылайы берген дөңгөлөктүү коляска менен мектепке барып, достору менен да ойной алат.
Тектеш кабарлар
Анзак булуңунда таңкы сыйынуу
Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.