Транспорт министри : "Украинадан жалпы 354 кеме жолго чыкты"

Дан өткөрүү коридорунун негизинде 1 -  август  18 -  октябрь күндөрү 354 кеменин Украина портторунан чыккандыгы, ушул кезге чейин ташылган жалпы жүк көлөмүнүн 7 миллион 860 миң тоннадан ашкандыгы билдирилди.

1894455

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 24 -  февралдан бери болуп келе жаткан Украина  жана Россиянын ортосундагы согуш процессинде дүйнөдө тамак  - аш кризиси болуп жаткандыгын эске салып, Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде жүргүзүлгөн ийгиликтүү дипломатиянын натыйжасында кризистен ашылгандыгын жана дан коридорунун түзүлгөндүгүн айтты.

Караисмаиоглу дан коридорунун негизинде 1-августтан 18-октябрга чейин Украинанын Одесса, Черноморск жана Южне шаарларындагы порттордон бардыгы болуп 354 кеменин жолго чыккандыгын  айтып : «Кемелерге арпа, буудай, соя, күн карама майы, рапс үрөнү, жүгөрү жана соя майы сыяктуу 13 түрдүү жүк ташылды»,- деди.  

Ушул күнгө чейин ташылган жалпы жүк көлөмүнүн 7 миллион 860 миң тоннадан ашкандыгын баса белгилеген транспорт министри : «Жүктөрдүн 13 пайызы Африкага, 23 пайызы Азияга, 47 пайызы Европага алып барылды. Түркия тышында эң көп жүк Европа континентинде Испания, Италия жана Нидерландияга алып барылды»,- деди.

Тектеш кабарлар