Швецияда SVTнын президент Эрдоганды кемсинткен программасына нааразылык акциясы өткөрүлдү
Эл аралык Демократтар Союзунун (UID) Швециядагы аймактык төрагалыгы уюштурган акцияга катышкандар SVT имаратынын алдына чогулушту.
Швециянын борбор шаары Стокгольмдо, өлкөнүн мамлекеттик телеканалы SVTнин бир программасында президент Режеп Таййип Эрдоганды кемсинткен сөздөр жана фотосүрөттөр камтылышына нааразылык акциясы өттү.
Эл аралык Демократтар Союзунун (UID) Швециядагы аймактык төрагалыгы уюштурган акцияга катышкандар SVT имаратынын алдына чогулушту.
Топтун атынан окулган билдирүүдөн кийин үнсүз нааразылык акциясы өттү.
Эл аралык Демократтар Союзунун (UID) Аймактык төрагасы Өзер Экен билдирүүсүндө, НАТОго кошулуу үчүн Түркиянын талаптарынын баарын кабыл алган Швециянын мамлекеттик телеканалы SVTде чуулгандуу берүү болгонун айтты.
Экен бул берүүнү айыптоо үчүн нааразылык акциясын уюштурушканын айтып, мындай улантты: "Швециянын ММКлары, анын ичинде SVT, Швециянын Түркиянын НАТО талаптарын кабыл алганын көтөрө албай, "Швеция күрттөрдү Түркияга тапшырып берет" деген жалган кабарларды берүүнү улантып жатат. Швецияда жашаган бардык күрттөрдү Түркия издеп жатат деген сыяктуу пикирди жаратып жатышат. Мен дагы күртмүн,аялдар бөлүмүнүн башчысы да күрт, бизде көптөгөн күрт мүчөлөр бар. Президентибиз да Түркияда жашаган күрттөрдүн жарымынан добуш алат. Ошого карабастан швед маалымат каражаттары биздин президентти күрткө каршы деп көрсөтүүдө, адилетсиз жана туура эмес түшүнүк жаратууда. ТРТнын күрт каналы күнү-түнү үзгүлтүксүз эфирге чыгууда. Анадолу агенттиги да кабарларды күрт тилинде көрсөтөт. Ошого карабастан, швед медиасы «Түркияда күрт тилинде жаңылыктарды берүүгө тыюу салынган» деген түшүнүктү жаратууда."
30-сентябрда SVT телеканалы Кристоффер Ахонен Аппелквисттин «Сатир» аттуу комедиялык маалымат программасында президент Эрдоганды кемсинткен сөздөргө жана сүрөттөргө орун берди.
Программага катышкан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын жактоочусу Кадир Мерал күрт тилинде кабар берип, президент Эрдоганга акаарат сөздөрдү айткан.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.