Акар менен Кубраков Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борборго барды

Сапардан кийин жасаган маалымат жыйынында министр Акар дан коридоруна кол коюлгандан бери үч айга жакын убакыт өткөнүн айтты.

1893422
Акар менен Кубраков Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борборго барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Украинанын инфраструктура министри Александр Кубраков Стамбулда ишин улантып жаткан Биргелешкен координациялык борборго барышты.

Акар алгач Түркияга келген Кубраков менен Календер павильонунда жолугушту.

Дан коридору үчүн жетишилген келишимдин пайдубалы түптөлгөн Календер павильонундагы жолугушуудан кийин Акар менен Кубраков биргелешкен координациялык борборго барып, иш-чаралар тууралуу маалымат алышты.

Сапардан кийин жасаган маалымат жыйынында министр Акар дан коридоруна кол коюлгандан бери үч айга жакын убакыт өткөнүн айтты.

Акар:«Ушул үч айдын ичинде 345 кеме Украинанын портторунан 7 миллион 700 миң тонна эгин ташыды. Бул канааттандырарлык жыйынтык»,-деп айтты.

Бул ийгиликтүү жыйынтыкка салым кошкондорго ыраазычылык билдирген министр Акар Түркиянын коңшуларынын чек араларын жана жеринин бүтүндүгүн ар дайым урматтап, тынчтык менен ырааттуулукту жактаганын баса белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын ок атышпоого жетишүү жана маселени дипломатиялык жол жана ыкмалар менен чечүү аракетине көңүл бурган Акар Түркиянын жеңилдетүүчү позициясын сактап, аракеттерин мүмкүн болушунча тең салмактуу жана токтоо улантып жатканын айтты.

Украинанын инфраструктура министри Кубраков да дан коридорунун түзүлүшүнө кошкон салымы үчүн президент Эрдоган жана улуттук коргоо министри Акарга ыраазычылык билдирди.

Демилгенин ийгилиги үчүн колунан келгендин баарын кыла тургандарын белгилеген Кубраков : «Президент Эрдоганга туткун алмашуусу үчүн өзгөчө рахмат айтабыз, сиздин салымыңыз абдан маанилүү жана бул өзгөрүү бул салымдарыңыз аркылуу ишке ашты»,-деди.



Тектеш кабарлар