Беларустун президенти жана көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери Эрдоганга көңүл айтышууда

Европа Кеңешинин баш катчысы Мария Пейчинович Бурич да  : «40 кишинин өмүрүн алган, ондогон жумушчу шахтада калган кырсыктан улам кайгыруу менен  Түркияга  көңүл айтам»,- деди.

1893238
Беларустун президенти жана көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери Эрдоганга көңүл айтышууда

Беларустун президенти Александр Лукашенко да Бартында шахтада болгон жарылуу боюнча президент Эрдоганга көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөтүп : «Каза болгон шахтерлордун үй  - бүлөсү жана жакындарына карата колдоомду, жаралуулардын бат айыгып кетүүсүн каалоомду билдирүүңүздү суранам»,- деди.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель да соцтармактан берген берген билдирүүсүндө : «Түркиядагы Бартын көмүр шахтасында болгон трагедиялуу  кырсыкта адамдардын трагедиялуу өлүмүнөн кайгырып жатабыз»,- деп билдирип  үй  - бүлөлөргө жана түрк коомчулугуна көңүл айтты.

Катардын эмири Шейх Темим бин Аль Сани да президент Эрдоганга көңүл айткан билдирүүсүндө жаралуулардын тез айыгып кетишин каалады. 

Европа Кеңешинин баш катчысы Мария Пейчинович Бурич да  : «40 кишинин өмүрүн алган, ондогон жумушчу шахтада калган кырсыктан улам кайгыруу менен  Түркияга  көңүл айтам»,- деди.

Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис да Твиттердеги билдирүүсүндө Бартында шахтадагы жарылууда  көптөгөн кишинин каза болушуна кайгырганын билдирип : "Греция издөө жана куткаруу иштерине жардам берүү үчүн тез арада колдоо жөнөтүүгө даяр",- деди.

Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна да Твиттердеги бөлүшүүсүндө түрк калкына көңүл айтып : «Урматтуу Мевлүт Чавушоглу, Бартында болгон трагедиялуу жоготуу үчүн терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн кайгысын тең бөлүшөм»,-деди.  

Голландиянын тышкы иштер министри Вопке Хоекстра жарылуу кабарынын өзүндө катуу таасир жараткандыгын белгилеп, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.



Тектеш кабарлар