Фахреттин Алтун Түркиянын бардык аймагында туруктуулукка салым кошкондугун айтты

Фахреттин Алтун жазган жана англис тилинде басылган "Глобалдык белгисиздик мезгилинде турукташтыруучу күч  - Түркия" деген китептин түркчөсү жарык көрдү.

1893068
Фахреттин Алтун Түркиянын  бардык аймагында туруктуулукка салым кошкондугун айтты

Фахреттин Алтун Түркиянын дүйнөнүн бардык аймагында туруктуулукка салым кошкондугун белгиледи. 

Фахреттин Алтун Кахраманмараш 8 -  Эл аралык китеп жана маданият жарманкесинин ачылышын аткарды. 

Ачылышта сөз сүйлөгөн Алтун президент Режеп Таййип  Эрдогандын тышкы таңууларга  каршы чыккан күчтүү бир лидерликти көрсөткөндүгүн айтып, Түркиянын эл аралык саясаттагы ийгиликтерге токтолду. Өлкөнүн бейпилдигин, тынчтыгын, көз карандысыздыгын, өнүгүүсүн бекемдөө үчүн бурулуштарды жасагандыгын баса белгилеген Алтун : "Бул да Түркияны эл аралык тармакта оболу аймактык жактан күчтүү бир актерго айландырды",- деди. 

Түркиянын дүйнө "чечилгис" деген дан маселесин чечүүдө, Россия  - Украина ортосундагы туткундарды алмаштыруу жана саясий сүйлөшүүлөрдүн улантылышында абдан олуттуу ийгиликке жетишкенин белгилеген Алтун : "Сириядан Ливияга, Африкадан Украинага дүйнөнүн бардык аймагында туруктуулуктун түзүлүшүндө президентибиздин лидерлигинде салым кошууну улантабыз",- деди. 

Бир тараптан коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун жазган жана англис тилинде басылган "Глобалдык белгисиздик мезгилинде турукташтыруучу күч  - Түркия" деген китептин түркчөсү жарык көрдү. Алтун окурмандары үчүн китепке кол койду. 

 

 

 



Тектеш кабарлар