Түркия Эфиопиядагы сүйлөшүүлөргө канааттанат

Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

1890049
Түркия Эфиопиядагы сүйлөшүүлөргө канааттанат

Түркия Эфиопияда өкмөт менен козголоңчу Тыграй элдик боштондук фронтунун (TPLF) Африка Биримдигинин тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча сунушун кабыл алганына канааттануусун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, 8-октябрда Эфиопияда өкмөт менен козголоңчу Тыграй элдик боштондук фронтунун (TPLF) Африка Биримдигинин тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча сунушун кабыл алуусуна канааттангандары белгиленип: «Бул сүйлөшүүлөр чыр-чатактарды биротоло токтотот деп үмүттөнөбүз», - деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө ошондой эле Түркиянын Эфиопияда тынчтык жана бейпилдиктин орношу үчүн дос жана боордош Эфиопия элине ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экени айтылды.



Тектеш кабарлар