Президент Эрдогандын Греция жана Сирия тууралуу билдирүүсү

Президент Эрдоган  Европа Саясий Шериктештигинин  жыйыны үчүн барган Чехияда маалымат жыйын өткөрдү.

1889617
Президент Эрдогандын Греция жана Сирия тууралуу билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Греция башкаруусунун саясаттарынын жалгандардын үстүнө курулгандыгын  айтып Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад менен ыктымалдуу  бир  жолугушууга да жашыл жарык жакты.

Президент Эрдоган  Европа Саясий Шериктештигинин  жыйыны үчүн барган Чехияда маалымат жыйын өткөрдү.

Дүйнөдө болуп жаткан окуялардын Түркиянын Европа Биримдиги жана Европа үчүн негизги өлкө экендиги чындыгын ачыкка чыгарганын баса белгилеген Эрдоган : «Биримдикке мүчө кээ бир өлкөлөр Түркия менен кызматташуу жана жакшы коңшулук мамилелердин ордуна чыңалууну күчөтүп жатканын көрүп жатабыз. Бул жерде мен бул жагдайды баса белгилегим келет ; Түркиянын эч бир өлкөнүн эгемендигинде, жеринде, укук жана мыйзамдарында көзү жок. Биз өлкөбүздүн жана кипрдик түрктөрдүн кызыкчылыгын коргоо үчүн гана күрөшүп жатабыз. Биз эч ким менен кошуналарыбыз менен тирешүүнү каалабайбыз. Чыгыш Жер Ортолук жана Эгей деңизи көйгөйлөрүн эл аралык укуктун алкагында чечүүнү каалай турганыбызды көп жолу билдирдик. Туруктуу чечим үчүн Кипр аралындагы фактыларды кабыл алуу керек»,- деди.

Эрдоган Грециянын Түркияга карата провокациялык аракеттерине байланыштуу берилген бир суроо боюнча ысым бербестен грек премьер- министр Кириакос Мицотакисти сынга алып : «Европа Саясий Шериктештигинин отурумдары учурундасүйлөгөн сөзүмдөн тынчсызданыптыр... Булардын саясаттары жалган үстүнө курулган. Болушу керек болгон жерде эмес. Жээктеш өлкөлөр менен келгиле жолугушалы дегенде жакындашпайт. Арага бир топ өлкөнү ортого салышат. Биздин да Греция менен сүйлөшө турган эч нерсебиз жок, мезгил ичинде сүйлөшүүмүмкүнчүлүгүн табабыз»,- деди.

Президент берилген башка бир суроо боюнча : «Убакты сааты келгенде биз Сириянын президенти менен да сүйлөшүү жолуна бара алабыз. Азыркы учурда ансыз датөмөнкү деңгээлдесүйлөшүүлөрөткөрүлүүдө»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар