Эрдоган: «Мицотакис менен талашып-тартышпайм»

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1889970
Эрдоган: «Мицотакис менен талашып-тартышпайм»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечээ Европа саясий шериктештигинин жыйынына катышуу үчүн барган Чехиянын борбор шаары Прагада Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен талашып-тартышты деген айтымдарга түшүндүрмө берип жатып: «Мен мындай деңгээлге түшпөйм»,-деди.

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Чехиянын борбор шаары Прагада өткөргөн жолугушууларына токтолгон Эрдоган, грек басма сөзүндө «Мицотакис менен Эрдоган талашып-тартышты» деген айтымдарга түшүндүрмө берди.

Эрдоган, айтымдарга байланыштуу суроо боюнча: «(Мицотакис) протоколду билбеген киши экен. Программада жок болсо да чыгып сүйлөдү. Мен өз сөзүмдү айткандан кийин столума бардым. Ал кимден кантип уруксат алганын билбейм, мага жооп кайтарууга аракет кылды. Анын жообуна мен жооп берейинби! Түркия Республикасынын Президенти мындай деңгээлге түшпөйт. Мен ал жерде анын бир канча сөзүн эле уктум. Ага да эч ким кол чапкан жок»,-деди.



Тектеш кабарлар