Мустафа Шентоп Индонезияда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери менен жолугушту

Мустафа Шентоп Украина парламентинин төрага орун басары Олена Кондратюкту да кабыл алып, Россия менен Украинанын ортосунда туруктуу тынчтык үчүн аракет кылууну улантышарын баса белгиледи.

1889306
Мустафа Шентоп Индонезияда  Азербайжандын  Улуттук Парламентинин спикери менен жолугушту
azerbaycan Sahibe Gafarova-sentop.jpg
endonezya maharani-sentop.jpg
sentop-ukrayna meclis baskani.jpg

Түркиянын Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп чоң жыйырмалардын  парламент башчыларынын саммитине катышуу үчүн барган Индонезиянын борбор шаары Жакартада Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Сахибе Гафарова менен жолугушту. 

Шентоптун Гафарова менен жолугушуусунда  Түркия  -  Азербайжан карым  - катнаштары жана аймактык абалдар каралды. Шентоп Индонезия жолугушууларынын негизинде бул өлкөнүн Өкүлдөр парламентинин спикери Пуан Махарани менен да жолугушту. Мустафа Шентоп Махарани менен жолугушууда Индонезияда билим берүү шылтоосу астында ФЕТӨ менен байланыштуу 11 мектептин бар экендигин айтты. Бул мектептердин Түрк Маариф фондуна өткөрүлүшү тууралуу индонезиялык жетекчилерди кызматташууга чакырган Шентоп : "ФЕТӨ террордук уюм болуу менен бирге диний жана руханий сезимдерди  чеберчилик менен пайдаланган террордук уюм",- деди. 

Мустафа Шентоп Украина парламентинин төрага орун басары Олена Кондратюкту да кабыл алып, Россия менен Украинанын ортосунда туруктуу тынчтык үчүн аракет кылууну улантышарын баса белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар