Кобаниде ПККга карата операция жүргүзүлдү

Кобани аймагынын жооптуусу Хасан Демирташ таасирсиз абалга келтирилди.

1889207
Кобаниде ПККга карата операция жүргүзүлдү

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 9 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин  билдирүүсүндө : "Террористтердин Сириянын түндүгүндөгү кол салуу аракетин жоопсуз калтырган жокпуз жана жоопсуз да калтырбайбыз. Түрк куралдуу күчтөрүбүз "Евфрат калканы" жана "Тынчтык булагы" аймактарында аныкталган ПКК/ЙПГге мүчө 9 террористти жок кылды",- деп билдирилди.  

Түрк куралдуу күчтөрү 2016-жылдын 24-августунан 29-мартка чейин «Евфрат калканы» жана 2019-жылдын 9-25-октябрында «Тынчтык булагы» операциясы менен Сириянын түндүгүн террордон тазалаган.

Ошондой эле Сириянын түндүгүндөгү Айн ел  - Араб аймагында ПКК/ЙПГ террордук уюмунун Кобани аймагынын жооптуусу Хасан Демирташ таасирсиз абалга келтирилди. 

2011 - жылы Тунжели/ Оважык Республика прокурору Мурат Узун жана бир жарандык таксист  шейит болгон кол салууларга жеке өзүнүн катышуусунан улам камакка алуу чечими чыгарылган Хасан Демирташ ушул себептен Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан бутага алынды.

 



Тектеш кабарлар