Эртугрулоглу:«БУУнун Тынчтык күчтөрү бизге урмат көрсөтсө, биз менен келишим түзүшү керек»

Тахсин Эртугрулоглу Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесине (ТРТ) билдирүү жасады.

1889491
Эртугрулоглу:«БУУнун Тынчтык күчтөрү бизге урмат көрсөтсө, биз менен келишим түзүшү керек»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу:«Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык күчтөрү бизге урмат көрсөтсө, Рум тарабынын уруксаты менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы тарабында иш жүргүзө алышпайт»,-деди.

Тахсин Эртугрулоглу Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесине (ТРТ) билдирүү жасады.

БУУнун Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу менен түзгөн келишимине каршы чыккан Эртугрулоглу, БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн Түндүк Кипр Түрк Республикасында миссияларын аткаруу үчүн түрк тарап менен да келишим түзүшү керектигин баса белгиледи.

Келишим долбоорун БУУга жибергендерин белгилеген Эртугрулуоглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен келишим түзүлбөсө БУУнун Тынчтык күчтөрүн өлкөдөн чыгаруу процессинин башталышы мүмкүн экенин баса белгиледи.

Эртугрулоглу:«Биз БУУга айттык; биз сиз үчүн келишимди иштеп чыгабыз жана сиз ага биз менен кол коюшуңуз керек. Эгер кол койбосоңуз, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аймагында болушуңуз талкууланат»,-деп айтты.

ТКТР тышкы иштер министри:«Эгерде БУУ бизди бизди сыйласа жана аралда эки өзүнчө эгемендүү эл, эки башка эгемендүү тең мамлекет бар экенин эске алса, бул келишимди биз менен түзүшү керек. Румдардын уруксаты менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аймагында иш жүргүзө алышпайт»,-деди.



Тектеш кабарлар