ТИКАдан Ливанга күн энергиясы системасы

ТИКАнын күн энергиясы долбоорунун ачылышы болду.

1888476
ТИКАдан Ливанга күн энергиясы системасы

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), электр жарыгы үзгүлтүккө учураган Ливандын Аккар облусундагы 4 айылга күн энергиясы системасы жагынан колдоо көрсөттү.

Саадине жана Минжез менен түркмөндөр жашаган Кавашра жана Айдамон айылдарындагы ТИКАнын күн энергиясы долбоорунун ачылышына жетекчилер жана коомчулук катышты.

Түркиянын Бейруттагы элчиси Али Барыш Улусой бул жердеги билдирүүсүндө: «Ливандагы электр энергиясы жетишсиздигин жоюуга багытталган ТИКАнын кээ бир долбоорлорунун ачылышына катыштык. Ушул алкакта ТИКА өзгөчө өлкөдөгү электр мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болушу жана күйүүчү май бааларындагы өсүшкө байланыштуу күн энергиясына карата кээ бир долбоорлорго колдоо көрсөтө баштады»,- деди.



Тектеш кабарлар