Сентябрь айында 145 террорист жок кылынды

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы маалымат берди.

1888700
Сентябрь айында 145 террорист жок кылынды

Сентябрь айында жикчил террордук уюм ПККга каршы операцияларда 145 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы айлык маалымат брифингинде сентябрь айында 16 террордук кол салуунун алдын алынганын айтты.

Жикчил террордук уюм ПККга каршы 12си чоң, 30у орто масштабдагы 12 миң 817 элет операциясынын жүргүзүлгөнүн билдирген Чатаклы, операциялардын алкагында 4ү боз, 4ү кызгылт сары категорияда 9 жогорку даражалуу жетекчи баш болгон 145 террористтин жок кылынганын белгиледи.

Чатаклы, Эрен блокада жаз-жай операцияларынын алкагында жүргүзүлгөн 9 миң 768 операцияда 98 террористтин таасирсиз абалга келтирилгенин кабарлады. 



Тектеш кабарлар