Президент Эрдоган партиясынын фракция жыйынында сөз сүйлөдү

Эрдоган «Түркия кылымын» улут менен бирдикте курушарын айтты.

1888770
Президент Эрдоган партиясынын фракция жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган акыркы 20 жылда өлкөнү  кылымдык иштер жана тейлөөлөргө жетиштиргендерин айтып, алдыбыздагы мезгилде да «Түркия кылымын» улут менен бирдикте курушарын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган партиясынын Түркия Улуттук |Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

15 -  апрелден ушул күнгө чейин өлкө ичинде жана өлкө тышында катышкан көптөгөн  программа менен өлкөгө жана улутка кызмат кылууну улантышарын баса белгилеген Эрдоган : «Бир тараптан иш жана тейлөө саясатыбыздын натыйжасы болгон долбоорлорду ачуунун толкундануусун  улутубуз менен бирдикте жашадык. Бир тараптан Түркиянын эл аралык тармактардагы күчүн жана таасирин бекемдей турган байланыштарды түздүк»,- деди.

«Убада кылганыбыздай чоң жана күчтүү Түркиянын кирпичтерин бир бирден кураштырып, бийиктетип жатабыз. Күнүбүздүн ар бир учурун, жуманын, айдын, жылдын ар бир күнүн чоң сүйүү менен чечкиндүүлүк менен иштеп өткөрүүдөбүз»,- деген Эрдоган : «Өлкөбүздү 20 жылда кылымдык иштерге жана кызматтарга жеткирип, алдыдагы мезгилде улутубуз менен бирге «Түркия кылымын» курабыз деп ишенем»,- деди.

Президент алдыдагы шайлоонун (июнь айында өткөрүлүшү пландалып жаткан) ураанын «Түркия кылымы» деп аныкташкандарын жана ошого жараша иштей тургандарын баса белгилеп : «Буюрса 2023 -  жылы тейлөөгө ача турган чоң долбоорлорубуз менен улутубузга сунуштай турган көз караш жана түзө турган атмосфера менен бирдикте башка жерлерге келебиз»,- деди.

Инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу, өндүрүш жана профицит аркылуу өлкөнү өстүрө турган кадамдарды таштагандарын билдирген президент Эрдоган : «Глобалдык  экономикалык кризис өнүккөн өлкөлөргө да таасирин тийгизсе биз өсүүнү уланттык»,- деди.



Тектеш кабарлар