Түркия АКШны катуу айыптады

Билдирүүдө эки жума мурда Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугуна карата курал эмбаргосун алып салган АКШнын бул жаңы кадамын Түркиянын түшүндүрүшүнүн мүмкүн эместиги баса белгиленди.

1887922
Түркия АКШны катуу айыптады

Түркия Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугун Улуттук гвардия бюросунун провинциялык өнөктөштүк программасына кошуусун катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө,«АКШнын Коргоо министрлигинин Кипрдеги грек администрациясын АКШнын Коргоо министрлигинин алкагындагы Улуттук гвардия бюросунун провинциялык өнөктөштүк программасына кошуусун катуу айыптайбыз»,делди.

Билдирүүдө эки жума мурда Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугуна карата курал эмбаргосун алып салган АКШнын бул жаңы кадамын Түркиянын түшүндүрүшүнүн мүмкүн эместиги баса белгиленди.

Билдирүүдө ошондой эле «АКШ бул кадамы менен аралдагы эки тараптын ортосундагы тең салмактуулукту бузуудан ашып, бир тарап болууга айланды. Мындай кадамдар менен АКШ Кипр маселесине туруктуу чечим табууга, туруктуулукка жана адилеттүүлүккө жетүү процессинде конструктивдүү роль ойноо мүмкүнчүлүгүн жоготот»,деп айтылды.

Түркиянын кепилдик статусуна басым жасалган билдирүүдө, Кипр түрк калкынын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык керектүү кадамдардын ташталары белгиленди.



Тектеш кабарлар