Террористтерге каршы операциялар уланууда

УКМ: "Акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөшүбүз уланат"

1887970
Террористтерге каршы операциялар уланууда

Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» аймагына кол салууга аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 7 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Террористтерди өздөрү казган чуңкурларга көмүүнү улантабыз. Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» аймагына кол салууга аракет кылган 7 ПКК/ЙПГ террористи Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан таасирсиз кылынды»,-деп маалымдалды.

Сиирттин Первари районунун элет жеринде да жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, «Эрен блокада күз-кыш-1 шейит жандармерия лейтенанты Исмаил Жан Акдениз операциясынын алкагында кечээ Сиирт облусунун элет жерлеринде жикчил террордук уюмга мүчө 3 террористтин курал-жарактары менен таасирсиз абалга келтирилгени кабарланды.

Билдирүүдө аймакта операциялардын уланып жатканы белгиленди.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта болсо Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагында аныкталган ПККга мүчө дагы 2 террористтин Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан таасирсиз кылынганы айтылды.

Билдирүүдө: «Акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөшүбүз өжөрлүк жана чечкиндүүлүк менен уланат»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар