Президент Эрдоган: "Мицотакис АКШдан жардам сурап жатат"

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Хафыз жана Курани Карим эл аралык конкурсунун сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1888404
Президент Эрдоган: "Мицотакис АКШдан жардам сурап жатат"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакиске кайрылып:«Ал Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) Түркияга каршы жардам сурайт. Эмне кылсаң кыл. Биз ар дайым эмне зарыл болсо, ошону жасайбыз жана буга даярбыз»,-деди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Хафыз жана Курани Карим эл аралык конкурсунун сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

«Кызыл желек кайсы жерде желбиреп турбасын, биз жарандарыбыз үчүн да, ошол жерде жашагандар үчүн да ишенимди жана адилеттүүлүктү чагылдырабыз жана жүз миллиондогон эзилген жана бейкүнөө адамдардын үмүтү болуу оор жоопкерчилигин жүрөгүбүздө сезебиз»,-деп айткан Эрдоган сөзүндө Грециянын премьер-министри Мицотакисти да сынга алып:«Биз грек паромдору Эгей жана Жер Ортолук деңиздериндеги бейкүнөө жана жакыр адамдарды кантип көмүп жатканын көрүп турабыз. Дүйнө жүзү үн катуудабы? Жок. Биздин фрегаттар ылдам сүзүп барып, аларды деңизден куткарат. Анткени биз мусулманбыз. Мусулмандыгыбыздын талаптарын аткарып жатабыз. Эми Грециянын премьер-министри Америкадан жардам сурап жатат. Түркияга каршы жардам сурайт. Эмне кылсаңар да, биз ар дайым эмне керек болсо ошону жасайбыз жана буга даярбыз»,- деди.

--



Тектеш кабарлар