Парламент төрагасы Шентоп Малайзияда Пелосинин Азербайжанга сапарын сынга алды

Шентоп Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурдагы расмий жолугушууларынын алкагында Юнус Эмре институтуна барып, жарандар менен жолугушту.

1888394
Парламент төрагасы Шентоп Малайзияда Пелосинин Азербайжанга сапарын сынга алды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, кайсы жерде кризистик аймак же кансырай турган жара бар болсо Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин ал жакка барганын айтты.

Шентоп Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурдагы расмий жолугушууларынын алкагында Юнус Эмре институтуна барып, жарандар менен жолугушуп, Түркиянын жана түрк маданиятынын таанытылышына кызмат кылган институтта жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр тууралуу маалымат алды.

Жыйынга Азербайжандын Малайзиядагы элчиси Ирфан Давудов да катышып, сөз сүйлөгөндө Шентоп «бир улут, эки мамлекет» деген сөздүн жөн эле ураан эмес экенин баса белгиледи.

Шентоп: «Бүткүл дүйнөдө Түркия болбогон платформаларда биздин атыбыздан азербайжандык боордошторубуз сөз сүйлөйт»,-деди.

Шентоп:«Көптөгөн адамдар бул маселени Карабах маселеси деп билишет, бирок Карабах мындай турсун. Эч кандай талкууну кабыл албаган үстөмдүк кылган аймак оккупация астында болчу. Минск тобу ал жерде туюк окуянын уланышын каалады. Азербайжан качан гана: «Өз маселебизди өзүбүз чечели»,-деп айтканда, АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Пелоси Арменияга барды. Кайсы жерде кризистик аймак, кансырай турган жараат болсо, Пелоси ошол жакка барат. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери 28 жылдан бери ал жакка бара элек болчу. Маселе чечилди, эми ал жакка колдоо үчүн барып жатат. Биз аймактагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү коргойбуз. Биз ар дайым жакшы ниетибизди билдирип, көрсөтүп келгенбиз. Экинчи тараптын да жакшы ниети болушу керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар