Министр Акар Азербайжанда

Гейдар Алиев аэропортунда Азербайжандын коргоо министри генерал Хасанов тарабынан тосулган министр Акар үчүн Коргоо министрлигинде аскердик азем өткөрүлдү.

1888393
Министр Акар Азербайжанда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Азербайжандын коргоо министри генерал Закир Хасанов менен жолугушту.

Акар Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири генерал Муса Авсевер, деңиз күчтөрү командири адмирал Эржүмент Татлыоглу жана аба күчтөрүнүн командири генерал Атилла Гүлан менен Азербайжандын борбор шаары Бакуга барды.

Гейдар Алиев аэропортунда Азербайжандын коргоо министри генерал Хасанов тарабынан тосулган министр Акар үчүн Коргоо министрлигинде аскердик азем өткөрүлдү.

Аземден кийин улуттук коргоо министри Акар менен Азербайжандын коргоо министри генерал Хасанов жекеме-жеке сүйлөшүп, андан соң делегациялар ортосундагы жолугушууга төрагалык кылышты.

«Экинчи мекенибиз» деп мүнөздөгөн Азербайжанда болуу кубанычын билдирген Акар, көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

Бакунун душман баскынчылыгынан бошотулушунун 104 жылдыгы менен куттуктаган Акар, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана боордоштуктун «бир улут, эки мамлекет» түшүнүгү менен эң жогорку деңгээлде уланып жатканын белгиледи.

Түркия-Азербайжан достугу жана боордоштугу Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн басылып алынган жерлерди бошоткон «Бир мекен операциясы» менен түбөлүккө бекемделгенин айткан Акар: "Азербайжандын оккупацияланган аймактарын бошотуусу Түштүк Кавказда бекем тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн тарыхый мүмкүнчүлүктөрдү ачты",-деди.

Армениянын акыркы 30 жылдан бери кылгандай эле кайрадан олуттуу провокацияларга барганына көңүл бурган Акар: "Армения эми чагымчылдыкты токтотушу керек. Азербайжан менен жетишилген макулдашуунун алкагында алар тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жана кызматташууга басым жасап, тынчтык колун сунушу керек",- деп билдирди. 



Тектеш кабарлар