Түркиядан жогорку деңгээлдеги делегация Ливияга расмий сапар менен барат

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди.

1887429
Түркиядан жогорку деңгээлдеги делегация Ливияга расмий сапар менен барат

Түркиядан жогорку деңгээлдеги делегация Ливияга расмий сапар менен барат.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, президент Режеп Таййип Эрдогандын тапшырмасы менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, соода министри Мехмет Муш, Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана президенттик аппараттын басма сөз катчысы, элчи Ибрахим Калын бүгүн расмий сапар менен Ливияга бара турганы айтылды.

«Сапардын жүрүшүндө Ливиядагы саясий өткөөл процессти жана ушул алкакта шайлоолорду талкуулоо, эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде аскердик машыгуу тармагындагы кызматташтыкты карап чыгуу жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу каралууда», — деп айтылат маалыматта.



Тектеш кабарлар