Шентоп Индонезияга көңүл айтты

Бир тараптан Мустафа Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегация Малайзия жана Индонезияга расмий сапарларынын биринчи аялдамасы болгон Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурга барды.

1887484
Шентоп Индонезияга көңүл айтты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Индонезиянын Чыгыш Ява аймагындагы футболдук беттеш учурундагы баш аламандыктан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Шентоп билдирүүсүндө: «Индонезиядагы футболдук беттеш учурунда болгон баш аламандыктан адамдардын каза тапканын терең кайгыруу менен билдик. Каза болгондордун жакындарына жана боордош Индонезия элине чын дилимден көңүл айтамын»,-деди.

Өлкөнүн Чыгыш Ява аймагындагы Маланг шаарында мурунку күнү лигадагы беттештен кийин эки атаандаштын тарапкерлеринин ортосунда мушташ чыгып, полициянын тополоңду токтотуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонушунун натыйжасында болгон баш аламандыктан 174 киши каза тапкан.  

Бир тараптан Мустафа Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегация Малайзия жана Индонезияга расмий сапарларынын алгачкы аялдамасы болгон Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурга барды.

Малайзияда расмий жолугушууларды өткөрө турган Шентоп Индонезияда өтүүчү Чоң жыйырмалыктын парламент төрагаларынын саммитине катышат.



Тектеш кабарлар