Калын-Салливан жолугушуусу

Эки өлкөнүн ортосундагы Стратегиялык механизмдин ишке ашырылышы менен жалпы кызыкчылыктардын негизинде кызматташуу багыттары көбөйүшү күтүлгөнү айтылды.

1887374
Калын-Салливан жолугушуусу

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Стамбулда Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен жолугушту.

Жолугушууда Түркия-АКШ саясий жана экономикалык карым-катнаштары, коргоо өнөр жай тармагындагы кызматташтык тармактары, Орусиянын 24-февралда кол сала баштаган Украинадагы абал, Швеция-Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесстери, Эгей деңизи жана Жер Ортолук деңизиндеги абалдар менен Түштүк Кавказдагы абалдар менен катар аймактык маселелер талкууланды.

Эки өлкөнүн ортосундагы Стратегиялык механизмдин ишке ашырылышы менен жалпы кызыкчылыктардын негизинде кызматташуу багыттары көбөйүшү күтүлгөнү айтылды.

Түркиянын F-16 талабына байланыштуу процесстин аякташынын эки өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыктарына кызмат кыла турганы баса белгиленди.

Жолугушууда Түркиянын НАТОдогу негизги ролу баса белгиленип, шериктештердин орток коопсуздук тобокелдиктери жана бардык террордук коркунучтарга каршы ынтымак жана тилектештик ичинде аракет кылышы керектиги баса белгиленди.

Түркиянын Эгей деңизи жана Жер Ортолук деңиз темаларында укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон тартынбай турганы баса белгиленип, Грециянын агрессивдүү жана мыйзамсыз аракеттеринин кабыл алынгыс экени белгиленди.

Глобалдык коопсуздукка жана стабилдүүлүккө коркунуч келтирген Украинадагы окуяларды эл аралык укуктун негизинде токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттерге басым жасоонун маанилүүлүгү белгиленди.



Тектеш кабарлар