Эрдоган Стамбулда сөз сүйлөдү

Эрдоган глобалдык кризистер токтобогон акыркы жылдарда Түркиянын өз тажрыйбасы менен башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнгөнүн түшүндүрдү.

1887681
Эрдоган Стамбулда сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, глобалдык жагдайлардын таасири менен бир канча убакыттан бери сезилип жаткан инфляция маселесин да жеңе тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Стамбулдагы Долмабахче кеңсесинде өткөрүлгөн Катышуу каржы стратегиясынын документин таанытуу жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус пандемиясы жана 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунун айынан күчөгөн энергия жана чийки зат бааларынын жогорулашынан улам тереңдеген глобалдык экономикалык кризистин бардык экономикаларга, өзгөчө өнүккөн өлкөлөргө катуу таасир эткен мезгилдин өтүп жатканын айтты.

Глобалдык кризистер токтобогон акыркы жылдарда Түркиянын көпкө созулган саясий жана экономикалык кыйынчылыктардан алган тажрыйбасы менен башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнгөнүн түшүндүргөн Эрдоган: «Глобалдык жагдайлардын таасири менен бир канча убакыттан бери сезилип жаткан инфляция маселесин да жеңип, Түркия кылымын чогуу курабыз деп үмүттөнөм»,-деди.

Финансы секторунун глобалдык экономикалык кризистен эң көп жабыр тарткан тармактардын бири экенин белгилеген Эрдоган, экономикалык өсүштүн локомотиви болушу керек болгон каржы системасынын милдетин аткара албаганын айтты.

Адамды негиз кылбаган экономикалык түзүлүштүн туруктуу эмес экенин билдирген президент: «Дүйнөлүк каржы архитектурасынын адамдарга жана адеп-ахлакка негизделген жаңы моделди иштеп чыгуусу абдан маанилүү. Биз жаңы каржы архитектурасынын иштерине ар кандай колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар