ПКК террордук уюмунун кол салуусунда бир полиция шейит болду

"Евфрат калканы" операциясы жүргүзүлгөн аймакта алып барылган коопсуздук аракеттеринин алкагындагы бир база аймагына террористтер куралдуу кол салды.

1887300
ПКК террордук уюмунун кол салуусунда бир полиция шейит болду

Сириянын  түндүгүндө ПКК террордук уюмуна мүчө террористтердин кол салуусунда бир полиция шейит болду. 

Сириядагы "Евфрат калканы" операциясы жүргүзүлгөн аймакта алып барылган коопсуздук аракеттеринин алкагындагы бир база аймагына террористтер куралдуу кол салды. 

Кол салууда 1 полиция жаракат алды. Жаракат алган полиция алып барылган ооруканада берилген жардамдарга карабастан шейит болду. 

Бир тараптан "Евфрат калканы" операциясы жүргүзүлгөн аймакта Рибат  - 2  база аймагына кирүүгө аракет кылган террорист менен коопсуздук күчтөрүнүн арасында кагылышуу чыгып 2 террорист жок кылынды. 

Түрк куралдуу күчтөрү 2016 - жылдын 24 -  августунда жана 2017 -  жылдын 29 -  мартында жүргүзгөн "Евфрат калканы"  операциясы менен Сириянын түндүгүн (Азез, Ел Баб) террордон тазалаган. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар