Бир аскер шейит болду

Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмга карата жүргүзүлгөн операцияда 1 аскер шейит болду.

1887262
Бир аскер шейит болду

Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмга карата жүргүзүлгөн операцияда 1 аскер шейит болду.

Улуттук Коргоо министрлиги  жикчил террордук уюм тарабынан «Чеңгел  - Кулпу»  операциясы аймагында террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан атылган окто оор жаракат алып ооруканага жаткырылган 1 аскердин шейит болгондугун билдирди.

Министрлик Ирактын түндүгүндө 140 километр ичкеридеги Асос аймагына карата жүргүзүлгөн аба операциясында алгачкы белгилөөлөргө караганда ПККнын 2 террористинин жок кылынгандыгын жарыялады.

Бир тараптан ПККга карата Шырнакта башталган Эрен блокада күз – кыш операцияларында 2 террорист жок кылынды.

Шырнактагы база аймагынан маалымат берген Ички иштер министри Сүлейман Сойлу аяктаган Эрен блокада  жаз – жай операциялары тууралуу кенен маалымат берди. Сойлу жаз  -  жай операцияларында 98 террористтин жок кылынгандыгын айтты.

490 үңкүр менен баш калкалоочу жердин жараксыз абалга келтирилгендигин баса белгилеген Сойлу операциялардын негизинде террористтерге таандык көп сандаган курал, ок  - дары, жарылуучу зат, турмуштук материал, банги заттардын колго түшүрүлгөндүгүн маалымдады.

Ички иштер министри кечээтен тарта Шырнакта 1600 кызматкерден турган 125 команда менен күзгү – кышкы  операциялардын башталгандыгын да билдирди.

Ички иштер министрлиги операцияда 2 террористтин жок кылынгандыгын жарыялады.



Тектеш кабарлар