Президент Эрдоган Түркия Улуттук Парламентинин жаңы мыйзам чыгаруу жылын ачты

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын Түштүк Кипр Рум башкаруусуна карата курал эмбаргосун жоюу чечимин «кабыл алынгыс» деп мүнөздөдү.

1887184
Президент Эрдоган  Түркия Улуттук Парламентинин жаңы мыйзам чыгаруу жылын ачты

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын Түштүк Кипр Рум башкаруусуна карата курал эмбаргосун жоюу чечимин «кабыл алынгыс» деп мүнөздөдү.

Президент Эрдоган Түркия Улуттук Парламентинин жаңы мыйзам чыгаруу жылынын ачылуу программасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган : «Бүгүн 27 -  мезгил парламентибиздин акыркы мыйзам чыгаруу жылынын ачылышын аткарып жатабыз. Парламентибиздин шайлоо календарына карата ишин токтотконго чейин көптөгөн орчундуу ченемдерди ишке ашыруу менен бул мыйзам чыгаруу жылын эң жакшы пайдаланат деп ишенем»,-деди.

Террор менен күрөшүүгө токтолгон сөзүндө террористтердин  маал-маалы менен жасаган аракеттерин чыккынчылардын акыркы күрөшү катары мүнөздөгөн Эрдоган : «Коопсуздук күчтөрүбүз менен ар дайым террористтердин артындабыз»,- деди.

Экономикада акыркы жылдарда жетишилген өсүүгө да токотолгон Эрдоган : «Сатып алуу жөндөмдүүлүгү паритетине ылайык Түркия 2021-жылы дүйнөнүн 11- эң чоң экономикасы жана Европанын 4 - экономикасы болду»,- деди.

Түрк дипломатиясынын акыркы кылымдардын эң ийгиликтүү мезгилин башынан өткөрүп жатканын баса белгилеген президент Эрдоган: «Өлкөбүздүн аракеттеринин натыйжасында жетишилген дан коридору келишими кадыр - баркы солкулдаган Бириккен Улуттар Уюмунун акыркы жылдардагы эң чоң жетишкендиктеринин бири»,- деди.

Сөзүнүн тышкы саясат тууралуу бөлүмүндө аралдарды куралдандырган Грециянын колдоого алынышы акылга сыбагандыгын, союздаштык менен дал келбегендигин баса белгилеген Эрдоган : «Чыңалуу саясаты эч кимдин пайдасына болбойт»,- деди.

Президент Эрдоган АКШнын Түштүк Кипр Рум башкаруусуна карата курал эмбаргосун жоюу чечиминин «кабыл алынгыс» деп мүнөздөдү.

Президент Швеция жана Финляндиянын НАТО мүчөлүгү тууралуу Түркияга берилген убадалар аткарылганга чейин бул тууралуу принциптүү жана чечкиндүү мамилени сактай тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар