Улуттук Чалгындоо Уюмунун Сириянын түндүгүндөгү ДЕАШ операциясы

Улуттук Чалгындоо Уюмунун Сириянын түндүгүндө  террордук уюм ДЕАШтын клетка түзүлүшүнө карай операциясында 19 террорист таасирсиз абалга келтирилип 1 террорист жок кылынды.

1886763

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда ДЕАШтын Сириядагы түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкери жана түрк мекемелерине карата сенсациялуу иш - аракеттерди уюштуруу үчүн атайын клетка түзгөнү аныкталды.

Улуттук Чалгындоо Уюмунун чалгындоо жана операциялык колдоосу менен Эркин Сирия Армиясына караштуу жергиликтүү коопсуздук күчтөрү тарабынан "Евфрат калканы кыймылы" жана "Тынчтык булагы" операциясы аймактарында операциялар жүргүзүлдү. 

Бул операцияларда 1сү каза болгон 19 террорист таасирсиз абалга келтирилип, көп сандаган жарылуучу зат, курал жана ок - дары колго түшүрүлдү.

Колго түшкөн ДЕАШ мүчөлөрү Сириядагы түрк куралдуу күчтөрүнүн база аймактарына жана түрк мекемелерине  карата интенсивдүү чалгындоо иштерин жүргүзүшкөндөрүн,түрк куралдуу күчтөрүнө таандык унаалардын Сириядагы күнүмдүк тартибин аткаргандарын, август жана сентябрь айларында түрк куралдуу күчтөрүнүн унааларына карата 4 жолу кол салуу аракетинде болгондорун да моюнга алышты. 

Тектеш кабарлар