Абдуллах бин Мухаммед Аль - Шейх Түркия менен түрдүү тармактарда карым - катнаштардын маанисине көңү
Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPAдагы кабарга караганда Шура кеңешинин төрагасы Аль - Шейх Түркиянын Эр - Рияд элчиси Фатих Улусой менен жолугушту.
Сауд Арабиянын Шура Кеңешинин төрагасы Абдуллах бин Мухаммед Аль - Шейх Түркия менен түрдүү тармактарда карым - катнаштардын маанисине көңүлдөрдү бурду.
Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPAдагы кабарга караганда Шура кеңешинин төрагасы Аль - Шейх Түркиянын Эр - Рияд элчиси Фатих Улусой менен жолугушту.
Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы карым - катнаштарды бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү жана башка айрым орток маселелер каралган жолугушууда элчи Улусой Аль - Шейхке Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоптун чакыруу катын берди.
Аль - Шейх жолугушууда Сауд Арабия менен Түркиянын ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташууну жандандыруу үчүн карым - катнаштарды өнүктүрүү иштеринин маанисине басым жасады.
Өзгөчө Сауд Арабиянын Шура Кеңеши менен Түркия Улуттук Парламентинин ортосундагы карым - катнаштарды жакшыртуунун маанисине көңүл бурган Аль - Шейх Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы парламенттер аралык карым - катнаштарды жана достук топторунун ролун активдештирүү керектигин айтты.
Элчи Улусой эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги сапарлардын маанисине токтолуп : "Түркия менен Сауд Арабия эки боордош өлкө. Эки өлкөнүн ортосунда кызматташуунун өнүгүшү да аймакка оң чагылууда. Парламенттер аралык карым - катнаштардын өнүктүрүлүшүнө да маани беребиз жана муну колдойбуз",- деди.