Түркия Буркина Фасодогу кол салууну айыптады

150 унаалык конвойго жасалган террордук кол салууда 11 аскердин каза болгондугу, 50 жарандын дайынсыз жоголгондугу белгиленди.

1886016
Түркия Буркина Фасодогу кол салууну айыптады

Түркия Буркина Фасодо болгон террордук кол салууну айыптады. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Буркина Фасонун Сум аймагында болгон террордук кол салууда көп сандаган кишинин каза болушунан жана жаралануусунан терең  кайгыруу болгондугу билдирилди. Маалыматта : "Бул кол салууну катуу айыптап, каза болгондордун үй  - бүлөлөрү менен дос жана боордош Буркина Фасо калкына көңүл айтабыз жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз",- деп айтылды. 

Буркина Фасо өкмөтүнөн окуя тууралуу берилген маалыматта өлкөнүн түндүгүнө жүк ташыган 150 унаалык конвойго жасалган террордук кол салууда 11 аскердин каза болгондугу, 50 жарандын дайынсыз жоголгондугу белгиленди.

 



Тектеш кабарлар