Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт

Эрдоган : "Европа өлкөлөрү азыркы учурда эмне кылабыз, бул кышты кандай өткөрөбүз деп ойлоп жатат. Бирок Түркиянын мындай маселеси барбы? Жок",- деди.

1886392
Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен бүгүн кечинде телефон аркылуу сүйлөшөт. 

Президент Эрдоган борбор шаар  Анкарада өткөн Түрк ишкана ээлери жана кол өнөрчүлөр конфедерациясы ТЕСКтин  Кезектеги 21 -  жалпы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Европанын эң маанилүү күн тартибинин жакындап келе жаткан кыш мезгилин эң аз зыян менен өткөрүү экенин айтты. 

Эрдоган : "Европа өлкөлөрү азыркы учурда эмне кылабыз, бул кышты кандай өткөрөбүз деп ойлоп жатат. Бирок Түркиянын мындай маселеси барбы? Жок",- деди. 

Түркия катары бул кыйын мезгилге оңой киргендигин белгилеген Эрдоган : " Буюрса бүгүн кечинде Путин менен сүйлөшөбүз. Украина болгон кыйынчылыктарды карап чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Өзгөчө абал болбосо кыш айларын дүйнөнүн бир топ өлкөсүнө караганда кыйынчылыксыз өткөрөбүз. Түркия экономика моделинин  кошкон салымы менен күчтөнүү менен чыгабыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар