Эрдоган АКШга Греция жана Түштүк Кипр тууралуу каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган  : «АКШдан күтүүбүз Грецияны жаңылыш эсептерге түртпөшү»,- деди.

1886008
Эрдоган АКШга Греция жана Түштүк Кипр тууралуу каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган  : «АКШдан күтүүбүз Грецияны жаңылыш эсептерге түртпөшү»,- деди. Президент Эрдоган кечээ кечинде айрым телекөрсөтүү каналдарынын биргелешкен берүүлөрүндө күн тартиби тууралуу баа берди.

Американын Эгей деңизиндеги аралдарга согуштук кемелерин жиберишин сынга алган Эрдоган АКШнын НАТОдо бирдикте болгон өлкөлөрдүн арасында адилеттүү мамиле кылбагандыгын белгиледи. Эрдоган : «Греция да Түркия да НАТОдо. Биз НАТОдо биринчи бештин ичиндебиз. Биз берген күч менен кургактык күчтөрүбүз менен маанилүү абалда турабыз. НАТОдо Түркия менен Греция салыштырыла албайт. АКШнын аралдарга мынчалык курал жарак жибериши кабыл алына турган нерсе эмес»,- деди.

Президент : «Америкадан күтүүбүз Грецияны жаңылыш эсептерге түртпөшү. АКШ менен Грецияга керектүү эскертүүлөр Тышкы иштер министрлигибиз тарабынан берилди. 17 -сентябрда БУУга акыркы катыбызды жибердик»,- деди.

АКШнын Түштүк Кипрге карата курал эмбаргосун жоюшунун мазмуну жана убактысы боюнча эч кандай түшүндүрмөсү жок экенин белгилеген Эрдоган : «Бул акыркы кадамдын жоопсуз калбай тургандыгын, Кипр түрктөрүнүн коопсуздугу үчүн чаранын көрүлөрүн баары билиши керек»,- деди.



Тектеш кабарлар