Акар : "Эгейде тынчтыкчыл жолду жактайбыз"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 16 үңкүрдүн атылгандыгын айтты.

1886435
Акар : "Эгейде тынчтыкчыл жолду жактайбыз"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Эгейде тынчтыкчыл жолду жактагандарын айтты. Акар Шырнакта сүйлөгөн сөзүндө Грециянын акыркы мезгилде күч алган көкүтүүчү аракеттери тууралуу : "Грециянын бул  мамилесинен баш тартышынан, тынчтык жолу аркылуу маселенин чечилишин жактайбыз. Кааласа бул жерге келишсин, каалашса биз Грецияга баралы. Бул маселелерди чечели. Түркия эч ким үчүн коркунуч эмес. Чыңалуудан эң көп Греция калкы зыян тартууда",- деди. 

Министр Акар сүйлөгөн сөзүндө Ирактын түндүгүндө 140 километр ичкеридеги аймакта жүргүзүлгөн операцияда 16 үңкүрдүн атылгандыгын билдирди. 

Хулуси Акр : "Түрк куралдуу күчтөрү 27 -  сентябрда 140 километр ичкери кирди, Ирактын түндүгүндөгү Асоста 16 террордук үңкүр, баш калкалоочу жер атылды",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар