Швециялык делегация келет

Анн Линде, Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн көйгөйсүз уланып жатканын айтты.

1885718
Швециялык делегация келет

Швециялык делегация келерки аптада НАТО сүйлөшүүлөрү үчүн Түркияга келет.

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде өлкөсүнүн расмий маалымат агенттиги ТТге, Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн көйгөйсүз уланып жатканын айтты.

Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитишин күтүп жатканын билдирген Линде: «Түркиянын качан (НАТО мүчөлүгүн) ратификациялай турганын билбейм. Өткөн аптада АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында түрк кесиптешим Мевлүт Чавушоглу менен жолугуштум. Сүйлөшүүлөрдү карап чыктык, баары жакшы жүрүп жатат. Биз келишимге баш ийип жатабыз»,-деди.

Үчтүк меморандумга Түркия, Финляндия жана Швеция 28-июнда Испанияда өткөн НАТОнун Мадрид саммитинде кол коюшкан. Меморандумдун алкагында түзүлгөн Туруктуу биргелешкен механизмдин биринчи жыйыны 26-августта Финляндиянын Вантаа шаарында болгон.

Адилет министри Бекир Боздаг кечээ Швеция жана Финляндияны НАТО келишиминин алкагында Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүн Түркияга өткөрүп берүүгө чакырган.

Министр Боздаг: «Биз (Швеция бийлигинин) ПКК, ФЕТӨ, DHKP-C мүчөлөрү баш болгон террорчуларды өткөрүп берүү буйругун чыгарышын күтөбүз»,-деген.



Тектеш кабарлар