AFADдан Пакистанга 26 миң чатыр

Пакистандагы сел апаатына байланыштуу акыркы абалды сүйлөшүү үчүн кечээ борбор калаа Исламабадга барган AFADтын төрагасы Юнус Сезер, Пакистандын улуттук өзгөчө кырдаалдар агенттигинде (NDMA) жетекчилер менен жолугушту.

1885708
AFADдан Пакистанга 26 миң чатыр

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) Пакистандагы селден жабыркагандарга ушул убакка чейин 26 миң чатыр, 400 миңден ашуун азык-түлүк жана гигиеналык пакет таратты.

Пакистандагы сел апаатына байланыштуу акыркы абалды сүйлөшүү үчүн кечээ борбор калаа Исламабадга барган AFADтын төрагасы Юнус Сезер, Пакистандын улуттук өзгөчө кырдаалдар агенттигинде (NDMA) жетекчилер менен жолугушту.

AFADтын төрагасы Сезер жыйындан кийинки билдирүүсүндө, пакистандык жетекчилерден сел апаатынын акыркы абалы тууралуу маалымат алгандарын жана жаңы муктаждыктарга ылайык жардам акцияларын жүргүзүү үчүн Исламабадга баргандарын айтты.

Түркиядан Пакистанга 14 учак жардам жөнөтүлгөнүн жана 13-Жакшылык поездинин бүгүн жолго чыга турганын белгилеген Сезер, суунун кээ бир жерлерде азайышын көрүү кубандыруучу экенин баса белгиледи.  

AFAD катары Пакистанда болжол менен 30 кишилик бир тобу бар экенин билдирген Сезер: «Биз Пакистанга 26 миң чатыр, 400 миңден ашуун азык-түлүк жана гигиеналык пакеттерди тараттык»,- деди.

Пакистанда 14-июндан бери уланып жаткан муссон жамгырлары себеп болгон сел апааттарынын айынан 1638 киши каза болуп, 12 миңден ашуун киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар