Түркия Вольфганг Кубикинин билдирүүлөрүн айыптады

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи Танжу Билгич жазуу түрүндө жооп берди.

1885265
Түркия Вольфганг Кубикинин билдирүүлөрүн айыптады

Түркия Германиянын Федералдык Парламентинин төрага орун басары Вольфганг Кубикинин президент Режеп Таййип Эрдоган тууралуу айткан сөздөрүн айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи Танжу Билгич, Кубикинин шайлоо өнөктүгүнүн алкагында сүйлөгөн сөзүндө президент Эрдоган тууралуу айткандарына байланыштуу суроого жазуу түрүндөгү жообунда: «Германиянын федералдык парламентинин төрага орун басары Вольфганг Кубикинин Төмөнкү Саксония штатындагы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында сүйлөгөн сөзүндө президентибизге карата айтылган кемсинткен билдирүүлөрдү катуу айыптайбыз»,-деди.

Кубикинин бул кабыл алынгыс билдирүүлөрүнүн жогоруда айтылган төрага орун басарлык кызматына жарашпаганын баса белгилеген Билгич, бул орунсуз билдирүүлөр негизинен Кубикинин саясий жана моралдык деңгээли тууралуу түшүнүк берип, адепсиздигин ачыкка чыгарганын айтты.

Билгич: «Бул темадагы катуу реакциябыз бүгүн министрлигибизге чакыртылган Германиянын Анкарадагы элчисине да билдирилди»,- деди.

 



Тектеш кабарлар