Түркия фанатик жөөттөрдүн Масжид-и Аксага кирип баруусун айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү жарыялады.

1884870
Түркия фанатик жөөттөрдүн Масжид-и Аксага кирип баруусун айыптады

Түркия оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитине Израилдин радикалдык топторунун кирип баруусун айыптады.

Тышкы иштер министрлиги: «Биз радикалдык израилдик топтордун басып алынган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитине Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн коргоосу астында кирип барышын айыптайбыз жана кабыл алынгыс деп эсептейбиз»,-деп билдирди.

Билдирүүдө,«Биз Месжид-ул-Аксанын ыйыктыгын жана эл аралык укукка негизделген статусун бузган Израиль бийликтерининин бул аракеттерине жол берилбеши жана чыңалуунун күчөтүлбөшү үчүн тез арада керектүү чараларды көрүүгө чакырабыз»,делди.

Иврит календары боюнча жылдын биринчи күнү болгон «Рош Хашананын» себебинен кечээ эртең менен фанатик жөөт отурукташуучулар Месжид-и Аксага кирип барганда, Израиль полициясы баскынга каршы чыккан палестиналыктарга кийлигишти.



Тектеш кабарлар