Дан жүктөлгөн дагы 9 кеме жолго чыкты

Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.

1885271
Дан жүктөлгөн дагы 9 кеме жолго чыкты

Украинанын портторунан дан жүктөлгөн дагы 9 кеме жөнөп кетти.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Украина портторундагы дан эгиндерин ташуу иштери коопсуз түрдө уланууда. Бүгүн Украинанын портторунан эгин жүктөлгөн 9 кеме жол тартты»,-деп айтылды.

Кара деңизден азык-түлүктүн коопсуз өткөрүлүшү үчүн 22-июлда Стамбул Долмабахче сарайындагы Президенттиктин кеңсесинде президент Режеп Таййип Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриштин катышуусунда Украина жана Орусия менен «Стамбул дан келишимине» кол коюлган.

Кара деңизден дан азыктарынын коопсуз ташылышы үчүн түзүлгөн Биргелешкен координациялык борбор 27-июлда Стамбулдагы Улуттук коргонуу университетинин кампусунда ишин баштаган.



Тектеш кабарлар