Боздаг Швеция жана Финляндияга чакырык салды

Бекир Боздаг кечээ Президенттик комплексте өткөн кабинет жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1885110
Боздаг Швеция жана Финляндияга чакырык салды

Адилет министри Бекир Боздаг Швеция жана Финляндияны НАТО келишиминин алкагында Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүн Түркияга өткөрүп берүүгө чакырды.

Бекир Боздаг кечээ Президенттик комплексте өткөн кабинет жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Швеция менен Финляндиянын, 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында НАТО келишиминин алкагында ФЕТӨ жана ПКК мүчөлөрүн Түркияга өткөрүп беришин күтөбүз»,-деген Боздаг, бул темада эки өлкө менен сүйлөшүүлөрдүн ылдамдагандыгын айтты.

Министр Боздаг 5-6-октябрда Швециянын Адилет министрлигинен бир делегациянын Түркияга келе турганын жана сүйлөшүүлөрдүн болоорун билдирип: «Биз (Швеция бийлигинин) ПКК, ФЕТӨ, DHKP-C мүчөлөрү баш болгон террорчуларды өткөрүп берүү буйругун чыгарышын күтөбүз»,-деди.

Тышкы иштер министрлигинен бир делегациянын болсо Финляндияга бара турганын кабарлаган адилет министри, АКШ менен да ФЕТӨ мүчөлөрүнүн өткөрүлүп берилиши үчүн ушундай процесстин уланып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар