Чавушоглу япон кесиптеши Ёсимаса менен жолугушту

Министр Чавушоглу Япониядагы жолугушууларын улантууда.

1884755
Чавушоглу япон кесиптеши Ёсимаса менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу япон кесиптеши Хаяси Ёсимаса менен Түркия-Япония соода көлөмүн жана коргоо өнөр жай кызматташтыгын арттыруу темаларын сүйлөштү.

Министр Чавушоглу Япониянын мурдагы премьер-министри Абэ Синдзонун жаназа зыйнатына катышуу үчүн барган Япониядагы жолугушууларын улантууда.

Чавушоглу кесиптеши Хаяси Ёсимаса менен борбор шаар Токионун Касумигасеки районундагы Япониянын Тышкы иштер министрлигинде жолукту.

Жолугушууда Чавушоглу Абэнин өлүмүнө байланыштуу министр Хаясиге көңүл айтты жана Абэнин премьер-министрлик кызматы учурунда Түркия-Япония карым-катнаштарынын өнүгүшүнө чоң салым кошконун баса белгиледи.

Жолугушууда эки министр Түркия-Япония соодасын тең салмактоо жана эки тараптуу соода көлөмүн арттыруу, энергетика жана коргоо өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты.



Тектеш кабарлар