Түркиядан Пакистанга дагы бир «Жакшылык поезди» жөнөп кетти

Губернатордуктун билдирүүсүнө караганда, даярдалган 697 миң килограмм гуманитардык жардам материалынын 28 вагондон турган «Жакшылык поездине» жүктөө процесси Көсекөй Логистика директорлугунда аяктады.

1884065
Түркиядан Пакистанга дагы бир «Жакшылык поезди» жөнөп кетти

Кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) координациясында бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен даярдалган гуманитардык жардам материалдарын сел апааты болгон Пакистанга ташый турган «Жакшылык поезди» Кожаэлиден жолго чыкты.

Губернатордуктун билдирүүсүнө караганда, даярдалган 697 миң килограмм гуманитардык жардам материалынын 28 вагондон турган «Жакшылык поездине» жүктөө процесси Көсекөй Логистика директорлугунда аяктады.

Губернатордун орун басары Абдул Рауф Улусой дос жана боордош өлкө Пакистандагы сел апаатынан улам Түркия баштаган «Жакшылык поезди» саякаттарынын Кожаэлиде уланып жатканын белгиледи.

Мармара аймагындагы провинциялардын орток жери Кожаэли экенин билдирген Улусой: «Жалпысынан 55 миң куту максатталган болсо, бүгүнкү күнгө карата куту саныбызды 62 миңге жеткирдик. Буюрса, бул максат кийинки жумага даярдалган программа менен 72 миңге жетип кайра жаңыланат деп үмүттөнөбүз»,-деи.

Андан соң 12-«Жакшылык поезди» дуба окулуп узатылды.



Тектеш кабарлар