Калын: «АКШнын ТКРБга карата курал эмбаргосун алып салышы аймактык тынчтыкка салым кошпойт».

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жеке менчик телекөрсөтүүдөгү түз эфирде күн тартибине баа берди.

1884006
Калын: «АКШнын ТКРБга карата курал эмбаргосун алып салышы аймактык тынчтыкка салым кошпойт».

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугуна (ТКРБ) карата курал эмбаргосун алып салышы, аймактык тынчтыкка, Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтык жана ырааттуулукка салым кошуусунун мүмкүн эместигин айтты.

Ибрахим Калын жеке менчик телекөрсөтүүдөгү түз эфирде күн тартибине баа берди.

Орусиянын Украинанын кээ бир аймактарында өткөргүсү келген референдумга токтолгон Калын, мындай бир тараптуу демилгелерди туура көрбөгөндөрүн баса белгиледи.

Калын, 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунун бүтүшү үчүн эл аралык укуктун негизинде дипломатиялык сүйлөшүү процессинин башталышы керектигин, муну чын жүрөктөн жана олуттуу түрдө жасаган жалгыз өлкө Түркия экенин белгиледи.

АКШнын Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугуна каршы курал эмбаргосун жоюу чечимин да баалаган Ибрахим Калын: «Америка башкаруусунун Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугуна карата курал эмбаргосун алып таштоо боюнча абдан туура эмес чечими катары көрүп жатабыз. Мунун аймактык тынчтыкка, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде тынчтык жана ырааттуулукка салым кошуусу мүмкүн эмес. Кипр тынчтык процессине да салым кошуусу мүмкүн эмес»,-деди.

Израиль менен нормалдашууну эки тараптуу карым-катнаштар, Палестина маселеси жана аймак жагынан да маанилүү деп эсептешкендерин билдирген Калын, энергетика тармагында кызматташтык темасында бир гана Израиль менен Түркиянын ортосунда эмес, Европа тарабында да олуттуу каалоо бар экенин белгиледи.

Басма сөз катчысы Калын: «Украина-Орусия согушунан кийин Европа кайрадан энергетикалык кризиске туш болду. Эки альтернатива бар. Бири ТАНАПтын бекемделиши. Азербайжандын газынын Түркия аркылуу Европага барышы. Экинчи альтернатива Чыгыш Жер Ортолук деңизинен газдын Израиль, Ливан, Египет болсун Түркия аркылуу Европага барышы. Эки учурда тең Европанын энергетикалык коопсуздугу Түркияга көз каранды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар