Чавушоглу Нью-Йоркто эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Чавушоглу БУУнун 77-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Чаба Көрөси менен жолугушту.

1883920
Чавушоглу Нью-Йоркто эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 77-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Чаба Көрөси менен жолугушту.

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун жумалыгында кызуу дипломатиялык алакаларды жүргүзгөн тышкы иштер министри Чавушоглу көп сандаган эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Чавушоглу БУУнун 77-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Чаба Көрөси менен жолугушту.

Министр Чавушоглу эки тараптуу жолугушуу өткөргөндөрдүн арасында Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей, Бразилиянын тышкы иштер министри Карлос Альберто Франко Франца, Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Бужар Османи, Никарагуанын тышкы иштер министри Денис Монкада Колиндрес болду.



Тектеш кабарлар